• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

БШК: Президенттик шайлоону өткөрүүгө дээрлик 670 млн сом каралган

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 12.09.17 /Аман Алымбеков - Кабар/. Кыргызстандагы келе жаткан президенттик шайлоону өткөрүүгө мамлекеттик казынадан дээрлик 670 млн сом каралган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Айбек Өмүралиев билдирди.

Анын айтымында, келе жаткан президенттик шайлоого жалпысынан 671 млн 502,1 миң сом каралган.

“Бул бөлүнгөн каражаттын жалпы суммасы. Анын ичинен биринчи турга 538 млн 830,1 сом сарптоо каралган. Ал эми экинчи турга, эгерде болуп калса, анда, 132 млн 672 миң сом сарптоо каралган. Учурда бардык акча каражаты аймактык шайлоо комиссияларына бөлүштүрүлдү”,-деди Өмүралиев.

Ошондой эле ал, шайлоого даярдык календарлык план боюнча кетип жаткандыгын айтып, ага катарлаш Боршайком элди таза шайлоого үндөгөн ар кандай акцияларды өткөрүп жаткандыгын кошумчалады.

“Күн мурун эски аянтта “СЕНИН ДОБУШУҢ - СЕНИН КЕЛЕЧЕГИҢ! ТВОЙ ВЫБОР – ТВОЕ БУДУЩЕЕ!” аталыштагы концерт-акция өткөрдүк. Демилгенин башкы максаты шайлоого жигердүү катышууга жана өз добуштарын сатпоого үндөө. Кошумчалай кетүүчү нерсе, ушул жылдын 30-сентябрына чейин жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактап алышса болот. Мунун таза шайлоо өткөрүүдөгү орду чоң”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий