• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Соцкелишим: Кыргызстан боюнча 1,2 миңден ашык жаңы өндүрүш объекттери ачылды

Коом 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. 2023-жылы мамлекет менен келишим түзгөн 9 миң 930 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн дээрлик 13%ы чакан өндүрүш ачкан. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

Ведомствонун маалыматына таянсак, үй-бүлөлөр мамлекеттен алган 100 миң сомго төмөндөгү өндүрүш ишканалары ачылды:

• 1 183 - тигүү цехтери, ошондой эле курак техникасын, түрдүү саймаларды, анын ичинде кыз-келиндерге септи колдонуу менен буюмдарды чыгарган чыгармачылык цехтер;

• темир-бетон буюмдарын, пескоблокторду, кирпичтерди жана башкаларды чыгаруу боюнча 17 цех.

• 32 жыгач устачылык цехи, эмерек жана пластик терезелерди чыгаруучу цех,

• 13 самын жасоочу цех,

• 2 кичи тегирмен,

• 12 үй-бүлө биожер семирткич жасайт,

• 30 үй-бүлө кургатылган жемиш, курут, балмуздак жасашат.

Пикир

Оставить комментарий