• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Соттук иштер белгиленген мөөнөттөн кеч каралууда – Медербек Сатыев

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Сот системасында коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбеши керек. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Базар-Коргон райондук сотунун жамааты менен жолукканда билдирди.

Жогорку Соттон маалымдашкандай, жолугушууда төрага сот системасындагы ар бир кызматкер адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту жана этикалык нормаларды сактоого милдеттүү экенин баса белгиледи.

“Бир кызматкердин мыйзамсыз аракети бүтүндөй системанын кадыр-баркына шек келтириши мүмкүн. Андыктан, ар бириңер өз жоопкерчилигиңерди сезип, таза иштешиңер керек. Бир карын майды бир кумалак чиритет болуп, коррупцияга малынып жаткан көрүнүштөр болуп жатат. Мындан тышкары аппарат кызматкерлери дагы ортомчу болгон учурлар дагы бар. Ушундай фактылар аныкталса, катуу чаралар көрүлөт”, — деди Медербек Сатыев.

Ошондой эле ал сот тутумундагы кадрлардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу, ар бир кызматкерди өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакыруу зарылдыгын айтты.

Мындан тышкары, төрага сот кызматкерлеринин жумуш шарттарын жакшыртуу маселесине токтолуп, Базар-Коргон райондук сотунун имаратынын абалын көрүп чыкты.

Аталган соттун төрагасы Русланбек Маматкулов техникалык жабдуулардын жана эмеректердин эскилигин айтты. Ал сотко алынып келген айыпталуучуларды кармоочу жай жоктугун жана балдар бөлмөсү жетишсиз болуп жаткандыгын да кошумчалады.

Медербек Сатыев Сот департаменти менен биргеликте бул маселелерди чечүү үчүн иш-чараларды ыкчам аткаруу тапшырмасын берип, сот адилеттигин жүргүзүүдө элдин ишенимин арттыруу негизги максат экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий