• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Эртең, 16-июнда Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Сельский" суу кампасында жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 16-июнда саат 09:00дөн 19:00гө чейин "Тунгуч" кичирайонунда, "Рухий Мурас" конушунда жана №73, №92 мектептеринде, №181 бала бакчада таза суу өчүрүлөт.

"Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана шаар тургундарын, мекемелер жана уюмдардын ичүүчү сууну алдын ала камдап алуусун суранабыз", - деп айтылат билдирүүдө

Пикир

Оставить комментарий