• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Сурамжылоо: Кыргызстандыктардын 72% экономикалык абалдын жакшырганын белгилешти

Экономика 0

Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. Кыргызстандыктардын 71,7%ы экономикалык абалдын жакшырганын белгилешти. Бул былтыркы жылдагы 54,4% көрсөткүчтөн кыйла жогору. Мындай маалымат Борбор Азиядагы аналитиктердин сентябрда жүргүзгөн керектөөчүлөрдүн ишеними боюнча сурамжылоодон алынган статистика.

Акыркы 12 айда экономикалык кырдаалдын өзгөрүүсүнө баа берүүнүн субиндекси 26,1 пунктка олуттуу өсүштү көрсөтүп, 154 пунктка жетти. Бул рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

60 жаштан ашкан респонденттердин оң жоопторунун үлүшү 2023-жылдагы 50,9%га салыштырмалуу, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында 72,8%га чейин өстү. Эң чоң оптимизмди 45-59 жаштагы респонденттер көрсөтүшкөн, алардын арасында бул көрсөткүч 74,3%га жеткен.

Региондор боюнча алганда, бардык жерде оң баа берүүнүн өсүшү байкалууда.

Оптимисттердин үлүшү бир жыл ичинде 65,5%дан 88,2%га чейин өскөн. Мында Баткен облусу лидер болду. Бишкек шаары жана Жалал-Абад облусунда да бул көрсөткүч 19–20 пайыздык пунктка көбөйгөн, Чүй облусунан келген респонденттер өзгөрүүлөрдү эң начар баалашкан — бул жерде респонденттердин 57,7%ы гана өзгөрүүлөрдү белгилешкен.

Freedom Finance Globalдын изилдөөсү, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө керектөөчүлөрдүн ишеним индекстерин алуу үчүн колдонулган методологияга негизделген жана United Research Technologies Group тарабынан жергиликтүү жашоочуларга ылайыкташтырылган.

Белгилей кетсек, маалымат чогултуу ыкмасы: телефон аркылуу сурамжылоо. Сурамжылоо анкетасы ылайыкташтырылган: изилдөө респонденттердин эне тилинде жүргүзүлөт.

Кыргызстанда аналитиктер ай сайын 1600 анкета чогултушат.

Пикир

Оставить комментарий