• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Сууктан кантип сактануу керек? ӨКМ кеңеш берет

Коом 0

Бишкек, 21.01.24. /Кабар/ Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууктан кантип сактануу керектиги тууралуу кеңеш берет.

Ведомстводон белгилешкендей, эң алгач, кан айланууну камсыздоочу кан-тамырларды коргоо үчүн башты жана моюнду жылуу кармоо зарыл.

Ызгарга туруштук берүү үчүн сыртка чыгарда жакшылап тамактаныңыз. Анткени ачкалык адамдын организминин суукка каршы күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат.

Алкоголдук ичимдиктер адамдын суукту сезүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт. Ал эми тамеки тартуу кан-тамырлардын ичкерүүсүнө алып келип, кан айланууну басаңдатат. Андыктан алкоголдук ичимдиктерден жана тамеки тартуудан алыс болуңуз.

Абанын температурасы -15 градустан төмөндөгөн учурда үшүк алдыруудан сактануу үчүн денеңизге кам көрүңүз. Дарыканалардан, дүкөндөрдөн бальзам, мазь, крем жана башка коргоочу каражаттарды сатып алсаңыз болот.

Ошондой эле жылуу кийинүү, нымга туруктуу кийимдерди колдонуу сыяктуу коргонуунун элементардык эрежелерин сактоону унутпаңыз.

Үшүк алуудагы биринчи жардам

Дененин үшүк алуусу төмөнкүчө байкалат: адамдын денесинин үшүк алган бөлүктөрүнүн сезгичтиги жоголот жана ачышуу, сайгылашуу сезимдери пайда болот.

Үшүктүн 3 даражасы бар:

- үшүк алган тери кубарып кетет;
- денеде ыйлаакчалар пайда болот;
- дененин үшүк алган бөлүгүнүн көгөрүүсү.

Экинчи жана үчүнчү даражадагы белгилер пайда болгон учурда үй шартында дарыланбастан, токтоосуз дарыгерге кайрылыңыз.

Биринчи даражадагы үшүктүн белгилери байкалса, үшүк алган жерге калың марли же пахта коюп, клеенка менен таңуу сунушталат.

Үшүк алган кол-бутту ванна кабыл алуу менен да жылытса болот. Суунун температурасын +20 градустан жогорулатуу менен +40 градуска чейин жеткирүү зарыл. Андан соң ысык чай же суусундук ичип, жылууланып жатыңыз.

Үшүк алганда эмне кылууга болбойт

Адамдардын көпчүлүгү теринин үшүк алган жерлерин сүртүү жардам берет деп ойлошот, бирок бул туура эмес. Анткени сууктан улам кан-тамырлар морт болуп, сүртүү учурунда аларга зыян келүүсү мүмкүн. Натыйжада пайда болгон көгала аркылуу организмге инфекция кириши мүмкүн.

Ошондой эле үшүк алган бутту тез жылытууга болбойт себеби, жабыркаган ткандардын калыбына келүү процессин начарлатат.

Пикир

Оставить комментарий