• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда ири мүйүздүү мал идентификациядан өттү - ветеринардык инспекция

Коом 0


Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Кыргызстанда 1 млн. 700 миң ири мүйүздүү мал идентификациядан өттү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, ал маалыматтар мекемелер аралык "Түндүк" санарип тутумундагы Бирдиктүү реестрда бар.

"Идентификация – тынымсыз процесс. Учурда ири мүйүздүү малдын идентификациясы аяктады. Учурда кой-эчкилерди жана башка жандыктарды идентификациялоо иштери башталган", - деди ал.

Ал билдиргендей, жандыктарды идентификациялоо алардын эмдөөлөрү тууралуу билүү үчүн керек. Ошондой эле ал аркылуу мал жандыгы эмне менен ооруганын билген ветеринарлардын ишин жеңилдетет.

"Бул жылы эл ичинде малдан адамга жуккан бруцеллез, эхинококкоз өңдүү илдеттердин кыскарышына жетише алдык. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул жылы эхинококкозко чалдыккандардын саны 297 адамга кыскарган. Бул жакшы жыйынтык", - деди ал.

Ошондой эле ал, Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрү алардын мекемесинин кызматын эрежеге ылайык деп тааныганын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий