• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Түркиядагы кыргыздарга эмгек визасын алуу көйгөй жаратууда – делегат

Коом 0

Бишкек, 20.12.24./ Чолпон Жумалиева - Кабар/. Түркиядагы кыргыздарга эмгек визасын алуу көйгөй жаратып жатат. Бул тууралуу III Элдик курултайга Анталиядан келген делегат, “Кыргыз айымдар” коомунун жетекчиси Периза Асаналиева билдирди.

Анын айтымында, Туркиядагы кыргыздар балдарын мектепке киргизип, ал жакка көнүп калгандан кийин, виза ала албай, кайра балдары мектептен чыгып калып жатышат.

“Түркияда 25 миңден ашык кыргыз болсо, анын 9 миңге жакыны Анталияда жашап, иштейт. Көпчүлүгү кыргыз айымдары эмгектенгендиктен айымдар коомун негиздегенбиз. Биздеги негизги көйгөйлөрдүн бири эмгек визасын алуу. Анын кесепетинен балдар мектептен чыгып калган учурлар дагы болуп жатат. Албетте, биз ал өлкөнүн мыйзамдарына баш иебиз, бирок учурда эмгек визасын алуу маселеси курч болууда”, - дейт Периза Асаналиева.

Асаналиеванын айтымында, виза 6 айга берилип, бул убакыттан кийин жарандар үй-бүлөсү менен кайра Кыргызстанга кетүүгө мажбур болуп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий