• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте чет мамлекеттик жогорку аскер окуу жайларга өткөн курсанттар ант беришти

Коом 0

Бишкек, 20.08.22./Кабар/. 2022-жылдын 20-августунда чет мамлекеттик жогорку аскер окуу жайларына тапшырган курсанттарды салтанаттуу аскердик антка келтирүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо кызматынан билдиришти.

Иш-чара Ата-Бейит мемориалдык комплексинде өтүп, ага Коргоо министрилигинин өкүлдөрү, курсанттардын ата-энелери жана жакындары катышты.

"Бул жылы чет мамлекеттик жогорку аскердик окуу жайларга 40дан ашык кыргыз жарандары өтүп, алар Россиянын, Азербайжан жана Казакстандын жогорку аскердик окуу жайларынан билим алышат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, курсанттар буга чейин тереңдетилген медициналык текшерүүдөн, дене-тарбиялык даярдыгы боюнча нормативдерден, предметтик жана психологиялык тесттерден өтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий