• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Төрт жыл ичинде мамлекетке 168 млрд сомдон ашык каражат кайтарылды – Ташиев

Коом 0

Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Төрт жыл ичинде 168 млрд сомдон ашык каражат мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 16-январда Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен өткөргөн кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, аталган убакыт аралыгында 1373 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

"2020-жылдын октябрынан азыркы учурга чейинки аралыкта тарыхта биринчи жолу мамлекетке 168 млрд 287 млн сом өлчөмүндөгү ири зыяндын орду толтурулду. Ошондой эле өлкө боюнча 1174 объект мамлекеттин менчигине кайтарылды. Алар- жер, бала бакчалар, пансионаттар, стадиондор жана заводдор",-деди Камчыбек Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий