Бишкек, 13.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын Травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы Нурбек Атакулов “Биринчи радионун” түз эфиринде тайгак жолдо бара жатып жаракат алуудан кантип сактануу керек экендиги тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, жаракат алып калбоо үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо керек:
- Колуңузду чөнтөгүңүзгө салбаңыз. Жыгылганда аларды инстинктивдүү түрдө алып чыгууга убактыңыз жетпей калат.
- Коопсуз жолду тандаңыз - жарыктандырылган, муз азыраак, кум чачылган жолдорго артыкчылык бериңиз. Эсиңизде болсун, муз каптап калган канализациялык люктардын капкактары жана дүкөндүн тепкичтери кооптуу. Ошондуктан, мындай тепкичке чыкканда, кармагычтарды кармануудан тартынбаңыз. Ал эми калың муз тоңгон учурда алгач ар бир тепкичке эки бутуңуз менен чыгып, андан кийин гана кийинки кадамга туруңуз.
- Бут кийимге өзгөчө көңүл буруңуз. Ал тайгаланбаган, туруктуу, эң жакшысы резина же таманында оюктары бар болушу керек. Бийик такалуу бут кийимдерден баш тартыңыз.
- Автобустан же троллейбустан чыкканда кармагычтарды кармаңыз. Жылып бара жаткан транспортту кууп жетүүнүн кереги жок, тайгаланып, дөңгөлөктүн астында калуу коркунучу бар.
- Көчөгө чыкканда улгайган адамдар таяк алып жүрүшү керек.
- Жолдун унаа жүргөн тарабында өзгөчө этият болуңуз. Жолду чуркабай, жай баракат кесип өтүңүз. Анткени, тайгаланып жыгылышыңыз мүмкүн. Ал эми мындай кырдаалда айдоочуга унааны дароо токтотуу кыйын экенин, унааны токтуу мүмкүнчүлүгү бир топ кыйындашын унутпаңыз.
Пикир
Оставить комментарий