Бишкек, 11.01.25. /Кабар/. Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Талас облусунда бардык мамлекеттик кызмат башчыларынын, укук коргоо жана муниципалдык органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүлдү.
Атайын кызматтан билдиришкендей, жыйынга жалпысынан 400 адам катышты.
Жыйындын катышуучуларына коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү КР мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр (КР президенти тарабынан 2024-жылдын 31-декабрында бекитилген) жөнүндө маалымат берилди.
Ошондой эле УКМКнын өкүлдөрү тарабынан катышуучуларга статистикалык маалыматтар жана коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча 2020-2024-жылдар аралыгындагы аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди.
Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга КР мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө катуу эскертүү берилди. Коррупция фактылары аныкталган учурда Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдүн алкагында соттолгон адам жана анын жакын туугандары белгилүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө тыюу салууга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Муну менен катар күнөөлүү адамдар жаңы мыйзамга ылайык мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтуруп берүү менен эркинен ажыратылат.
Пикир
Оставить комментарий