Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 6 ай ичинде Талас облусунда 54 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 84), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 35,7% азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, өрттөн болгон материалдык чыгым 3 млн 926 миң 354 сомду түздү. (2019-жылы 2 млн сомдон ашык - 50,6% көбөйгөн). Өрттүн кесепетинен каза болгондор жок, жабыркагандар 1 адам, (2019-жылы 3 адам жабыр тарткан). Өрттөн 1 адамдын өмүрү жана 97 млн 660 000 товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган. (2019-жылы 51403000 сом)
Өрттөрдүн негизги себептери:
- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 19 (35,2%);
- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 5 (9,3%);
- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 12 (22,2%);
- балдардын от менен ойноосуунан – 7 (13%).
Өрттөн болгон негизги объектилер:
- турак жай сектору-39 (72,2%)
- унаа, гараж, турук (стоянка)- 8(14,8%)
- кампалар, соода бөлмөлөр-2(3,7%)
- ачык аянттар-1 (1,9%)
Болуп өткөн өрттөрдүн бөлүнүшү:
- Талас шаары - 15;
- Талас району - 8;
- Манас району - 10;
- Кара-Буура району - 14;
- Бакай-Ата району – 7 өрт катталган.
Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда 39 өрт (2019-жылы 53 өрт). Өрттөн каза тапкандар жок. Жалпы 54 өрт кырсыктарынын 39 өрт турак жайларда 72,2%.
Пикир
Оставить комментарий