• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Талас районунда 50 млн сомдук жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилген

Аймак 0


Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Талас районунун архитектура, мамлекеттик кадастр, Нуржанов айыл аймагынын кызмат адамдары мамлекетке 50 млн сом зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК Талас облусунун аймагында жер мыйзамдары жаатындагы коррупциялык схемаларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Талас районунун архитектурасынын, кадастр мамлекеттик мекемесинин, ошондой эле аталган райондун Нуржанов айыл аймагынын кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп алып, 2011-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде трансформацияланбаган айыл чарбанын 5,5 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилгени аныкталды.

Көрсөтүлгөн жер тилкеси 20 жарандын жеке менчигине өтүп, анын 17си буга чейин турак жайларды куруп алышканы маалым болду.

Адистердин айтымында, ар бир участоктун баасы 1,5 млн сомго бааланган. Алардын мамлекетке келтирилген жалпы зыянды болжол менен 50 млн сомго баалоого болот.

Учурда УКМК келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү процессуалдык чараларды көрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий