Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Таласта автоээнбаштык кылган айдоочунун унаасы айып короого киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер түнкүсүн жарандарга уйку бербей, автоээнбаштык жасаган айдоочуну аныктады. Ага 15 миң сом айып салынып, унаасып айып короо жайына токтотулду.
Эми айдоочу кайталап экинчи ирет автоээнбаштык жасаса, алты айлык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.
Пикир
Оставить комментарий