• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

"Ош" аэропортунда тумандан улам каттамдар кармалууда

Аймак 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 27-январда аба ырайынын шарттарына байланыштуу "Ош" эл аэропортунда бардык аба каттамдары убактылуу кармалууда.

"Манас" эл аралык аэропортунан билдиришкендей, тумандан улам каттамдар саат 03:20дан тарта кармалып турат. Токтотулган каттамдар жок. Учурда аэродромдун айланасында көрүү мүмкүнчүлүгү горизанталдуу 300 метрди, вертикалдуу 50 метрди түзөт.

Белгиленгендей, учуулардын убактысы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий