• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Таластагы Үрмарал суусу ташкындап, көпүрө жараксыз абалга келди

Аймак 0


Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Талас облусунун Бакай-Ата районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Үрмарал өзөнүндөгү суу ташкындап, жолдун айрым жерлерин жеп кеткен. Ошондой эле аймактагы жеңил унаалар өтө турчу көпүрө жараксыз абалган келген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда № 47 Жол тейлөө ишканасы тарабынан абалды жөнгө салуу аракети көрүлүүдө.

Суунун деңгээлинин төмөндөшү менен жолду бекемдөө жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлө баштайт.

Пикир

Оставить комментарий