• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто 120 орундуу бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бекиткен иш-чаралардын графигине ылайык, Юго-Восток кичи районунда 120 орундуу “Балажан” бала бакчасынын кошумча имаратынын курулушу башталды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, “СК-Лидер” ЖЧК курулуш компаниясынын прорабы Асылбек Таштаналиевдин айтымында, учурда фундаментти куюу иштери жүрүп жатат.

Бекитилген мөөнөт боюнча объект 9 айда пайдаланууга берилиши керек. Аталган курулуш компаниясы тарабынан объектти быйылкы жылы бүткөрүп, колдонууга берүү аракеттери көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий