• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Таластагы стадионду реконструкциялоо иши ноябрдын аягына чейин бүткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Талас шаарындагы Эшим Кутманалиев атындагы стадионду реконструкциялоо иштери ноябрь айынын аягына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев билдирди.

Бүгүнкү күндө стадиондун трибунасындагы отургучтарды толугу менен алмаштыруу жана тепкичтерин заман талаптарына келтирүү иштери жүрүп жатат. Буга кошумча чуркоочу аянтчага жаңы резина плиткаларды төшөө иштери жүргүзүлмөкчү.

Белгилей кетсек, стадион 1989-жылы ашар жолу менен курулган. Стадион пайдаланууга берилгенден бери утурумдук гана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп келген. Капиталдык оңдоо биринчи жолу жүргүзүлүп жатат. Иш август айынын орто ченинде башталган.

Пикир

Оставить комментарий