• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кара-Кулжа районунда жаңы мечит пайдаланууга берилди

Аймак 0

БИШКЕК, 08.08.17 /Кабар/. Кечээ, 7-августа Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Малик Нурдиновдун демилгеси менен заманбап үлгүдө курулуп бүткөрүлгөн “Нурдин ата” мечити пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош облустук казыятынан билдиришти.

Иш чаранын жүрүшүндө облус казысы Самидин кары Атабаев мечитти салууга демилге көтөрүп, мечитти курууга өзүнүн жер тилкесин өткөрүп берип, Сауд Аравиялык демөөрчүлөр менен биргеликте жакындан жардам көрсөткөн ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Малик Нурдиновго ыраазычылык билдирип, казыяттын атынан ардак баракча менен сыйлады.

Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов, райондун башкы имам-хатиби Дастан ажы Мамаев жана жергиликтүү тургундар катышышты. Мечиттин ачылышы Куран окуу менен башталып, жалпы келген коноктор айыл тургундарын мечиттин заманбап болуп бүткөрүлүшү менен куттукташты

Пикир

Оставить комментарий