Таразда соода борбору өрттөндү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. 2-декабрда Казакстандын Тараз шаарында «Эврика» соода борбору өрттөндү. Өлкө ИИМинин Өзгөчө кырдаалдар комитетинин расмий өкүлү Нурсултан Нурахмедовдун айтымында, эки кабаттуу имараттын өрттөнүп жатканы тууралуу кабар түнкү саат 01:10до түшкөн.

Өрт өчүрүү кызматкерлери имараттын үстүнкү кабатынын жыгачтан жасалган чатыры күйүп жаткан учурда барышкан. «Өрт 03:30да өчүрүлдү. Кишилер жабыркаган эмес. Өрттүн эмне себептен чыкканы аныкталууда», – деди Нурахмедов.

Өрт 1187 чарчы метр аянтты каптаган.

Пикир

Оставить комментарий