• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миң 214кө жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алган 49 жаңы учур катталып, жалпы саны 1 миң 214 жаранга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-апрелден тарта Ташкент облусунун 5 ири шаарында (Чирчик, Алмалык, Бекабад, Янгийүл жана Ангрен) милдеттүү түрдө обочолонуу режими киргизилген. Булардын катарына дүйшөмбү күндөн баштап Ташкент шаары жана облустук борборлор кошулган.

Расмий маалыматтарга караганда, КМШ өлкөлөрүнүн ичинде өзүн-өзү обочолонуу режими боюнча көрсөткүчтүн сап башында Ташкент турат. Бийликтин аракети жана калктын биримдиги менен обочолонуу режими дээрлик 100 пайызга аткарылган. Бүгүнкү күндө Өзбекстанда коронавирустан 99 адам айыккан. Илдетти жуктурган 4 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий