• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Өзбек-казак чек арасындагы «Яллама» өткөрмө бекети 2020-жылга чейин жабылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. Өзбек-казак чек арасындагы «Яллама» көзөмөл-өткөрмө бекети 2020-жылга чейин жабылат. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Казакстан аталган өткөрмө бекеттин өз аймагындагы бөлүгүндө («Б.Конисбаев» атындагы бекет) реконструкциялык иштерди жүргүзөт.

Буга байланыштуу быйыл 1-ноябрдан 2020-жылга чейин андан жөө адамдар, жеңил жана жүк унаалары өткөрүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий