• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

"Таза Жашоо – 2019": Өлкөнү таштандыдан арылтуу максатында ири акция өтөт

Коом 0

Бишкек, 23.05.19. /Кабар/. Кыргызстанда 1-10-июнь күндөрү "Таза Жашоо-2019" ири акциясы өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору - министрдин орун басары Максат Дамир уулу билдирди.

Анын айтуусунда, иш-чара "Эко Деми" КФ, "Таза Ысык-Көл" КБнин жана "Тонус" КФнун колдоосу менен өткөрүлүүдө.

"Бардык жарандарды акцияга катышуу менен бирге коомдук жайларда тазалыкты сактоого чакырабыз. Эс алуу мезгили жакындап калды. Ошондуктан, жаратылышка аяр мамиле кылып, артыбыздан таштанды таштабоого үндөйбүз", - дейт Дамир уулу.

"Эко Деми" коомдук фондунун негиздөөчүсү Айжан Чыныбаева билдиргендей, аталган акцияга 100 миңдей адамдын катышуусу күтүлүүдө. "Мындай акциялардын натыйжасы эффективдүү болуп, элдер аз таштанды ыргыта баштады. Элдин аң-сезими өзгөрүлүп, жаштар жоопкерчиликтүү болуп, экологиянын келечеги тууралуу ойлоно баштады. Таштандынын көп бөлүгү - бул желим. Учурда өкмөт пластикти колдонууга тыюу салууну пландап жатат, бирок ага каршы чыккан ишкерлердин тобу бар. Анткени, алардын ар кандай желим буюмдарды чыгарган цехтери бар", - деп билдирди Чыныбаева.

Ал эми "Тонус" коомдук фондунун негиздөөчүсү Урмат Насыкулов билдиргендей, аталган акцияны Кыргызстанда "плоггинг" агымы аркылуу жайылтууну пландап жатышат. "Плоггинг" Америка менен Европада абдан популярдуу. "Плоггингдин негизги идеясы - чуркап бара жатып, көчөдөгү таштандыларды тазалоо. Катышуучуларга дем-күч берүү максатында мындай чуркоо боюнча сынак өткөрүүнү да пландап жатабыз", - деп билдирди Насыкулов.

"Ысык-Көл" коомдук фондунун өкүлү Анвар Шамсутдинов көлдүн терең жактарын тазалоо үчүн тажрыйбалуу дайверлерди катышууга чакырды. "Көлдүн алдындагы таштандылардан арылса болот, бирок тенденция начар. Жарандар көлдүн жээгине келип, таштандыларды калтырып кетишет. Анын бардыгы көлгө түшөт. Жарандарга көлгө таштанды таштабагыла деп айтып кетет элем", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий