• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Тажикстандын кол салуусу. Ички аскерлердин 6 жоокери Бишкекте дарыланууда

Коом 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 6 жоокери жабыркады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда ар кандай жараат алган жоокерлер Бишкек шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.

Министрдин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков жарадар болуп, ооруканада дарыланып жаткандардын ар бири менен сүйлөшүп, ал-акыбалын сурап, ар биринин ата-энелери менен жолукту.

Ушундай эр азаматтарды тарбиялап өстүргөндүгү үчүн ички иштер министрлигинин жетекчилигинин атынан терең ыраазычылык билдирип, дары-дармек, дарыгерлердин жардамы, кийим-кече, тамак-аш жагынан толук камсыздала тургандыгын, жоокерлерди колдоо, дарылоо максатында атайын каражат бөлүнгөнүн белгиледи.

Белгиленгендей, ооруканада дарыланып жаткан Ички аскерлердин жоокерлерине бардык шарттар түзүлгөн, дары-дармектер жана башка медициналык квалификациялуу жардамдар так жана өз убагында берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий