• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө “Манас эпосундагы аскер өнөрү” эл аралык конференциясы болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 15-июлда, “Тамга” Аскер санаториясынын аймагында “Манас эпосундагы аскер өнөрү” темасында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Конференция президенттин 2022-жылдын 22-апрелиндеги «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек») - ар тараптан изилдөө жана папулярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” № 126 Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында өткөрүлдү.

Иш-чарага ошондой эле Жогорку Кеңештин депуттары, КР президентинин администрациясынын Кырдаал борборунун директору, министрликтердин жана ведомстволорунун, Ысык-Көл областынын мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл областынын жогорку жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчиликтери, ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунун жана чет элдик аскер-дипломаттык корпусунун өкүлдөрү катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө Айкөл Манастын образынын мисалында аскер кызматчыларын Мекенди сүйүүгө тарбиялоо жана “Манас” эпосундагы аскер өнөрүн, аскердик аспектерин изилдөө маселелери каралды.

Пикир

Оставить комментарий