Орунтаев: Бишкек мэриясы 1,2 млрд сом салыктык эмес кирешени мамлекетке кайтарат

Коом 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Жыл аягына чейин Бишкек шаардык мэриясы 1,2 млрд сом жана 1 млрд сомдук активдерди кайтарат. Бул тууралуу мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, өлкө эгемендик алгандан бери бир дагы мүлк мамлекеттин эсебине кайтарылган эмес.

"2022-жылы 893 млн сом накталай акча жана 250 млн сомдук 64 батирди алып келгенбиз. Эми Кудай буюрса 2023-жылдын аягына чейин 1 млрд 200 млн сом накталай акча жана 1 млрд сомдук активдерди кайтарабыз", - деп жазды мэрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий