• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленет

Коом 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын “Эмгек баатыры”, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында акындын китептеринин көргөзмөсү жана илимий-практикалык конференция өтөт. Иш-чара 30-октябрда саат 14:00дө башталат.

Ал эми 31-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында акындын 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленет. Башталышы саат 11:00дө.

Пикир

Оставить комментарий