• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Тайванда жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында КР жарандары жок — ТИМ

Коом 0

Бишкек,04.04.24. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, Тайвандагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Маалыматка ылайык, бүгүнкүн күндө жер титирөөнүн очогуна жакын жайгашкан Хуалянь уездинде 12 кыргыз жараны жашайт, алар жабыркаган эмес. Тайванда туруктуу негизде Кыргызстандын 60 жараны жашайт, алардын көпчүлүгү - студенттер.

Эскерте кетсек, 3-апрель саат 07:58де Тайванда күчү очогунда 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу аралдын чыгыш тарабындагы сууларда болгон, бул Хуаляньуездинен болжол менен 18 чакырым аралыкта.

Пикир

Оставить комментарий