• 87
  • 90.55
  • 0.84

Кыргызстанга Тажикстандын президенти келди

Саясат 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Эмомали Рахмонду Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Тажикстандын президенти Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.

Пикир

Оставить комментарий