Тогуз-Торо районунда бала бакчанын кошумча имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Казарман айылында "Айдай" бала бакчасынын кошумча музыкалык корпусу пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук администрациясынан билдиришти.

Ачылуу аземине Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев катышып, бала бакчалардагы көйгөйлөрдү чечүүдө жана алардын муктаждыктарын жоюу аракеттери көрүлүп жатканын, келечек үмүтү болгон балдар мыкты билим жана тарбия алуусуна тилектештигин билдирди.

"Айдай" бала бакчасы 2011-жылы ачылып, музыкалык залга муктаж болуп келген. Бала бакчасы 90 орунга ылайыкташкан. Музакылык залдын имараты Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 4,5 млн сомдон ашуун каражат сарпталып, кошумча музакылык аппараттары жана материалдык техникалык база менен камсыздалган.

Белгиленгендей, Тогуз-Торо районунда жалпы 13 мектепке чейинки билим берүү уюмдары бар.

Пикир

Оставить комментарий