Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Токмок шаарында коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулуктарды алдын алуу ошондой эле алдыда Токмок шаарында боло турчу шайлоо учурунда мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө максатында Токмок шаарынын ИИБү тарабынан 29-30-июнь күндөрү “Укук тартиби” жана “Крутой” аталыштагы рейд иш-чарасы уюштурулган.
Милициянын маалыматы боюнча, аталган иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери жана Токмок шаарынын ИИБдүн өздүк курамы тартылып, үч мобилдик топ түзүлүп, Токмок шаарынын көчөлөрүндө иш алып барышууда.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан шайлоого карата добуш сатып алуу жана башка мыйзамсыз аракеттер боюнча мыйзам чегинде жоопкерчиликтер каралгандыгы тууралуу баракчалар шаардагы имараттардын дубалдарына жармаштырылды.
Андан сырткары, милиция кызматкерлери тарабынан жашоочулар арасында түшундүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
"Учурда эпидемиологиялык абал курчуп жаткандыгына байланыштуу Токмок ШИИБдүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коомдук жайларда, кафе-ресторандарда жана соода түйүндөрүндө санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндурүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий