Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү көбөйүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 3-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 930 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 570 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 400 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий