• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы: Эки кыргызстандык туткунга алынгандыгы боюнча маалымат фейк

Коом 0

Бишкек, 30.04.21./Кабар/. Социалдык тармактарда Баткен облусунун чек ара аймагындагы акыркы окуялар учурунда тажик аскер кызматкерлери эки кыргызстандыкты колго түшүрдү деген комментарий камтылган видео таркатылууда, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул маалыматты расмий түрдө төгүндөйт. Бул видео болжол менен 2017-жылы тартылган жана 2021-жылдын 28-29-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларга эч кандай тиешеси жок.

Пикир

Оставить комментарий