• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Транспорт министри “Эркечтам” өткөрүү пунктунда кеңешме өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Алай районундагы “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, министр жеринде тиешелүү жетекчилердин катышуусунда кеңешме өткөрүп, кытай тарап менен макулдашылган 14/7 иштөө режими толук камсыздалышы керектигин баса белгиледи.

“Жүктөрдү өткөрүүдө ар-кыл тоскоолдуктарды жана негизсиз текшерүүлөрдү кыскартып, жүк ташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү. Тейлөө сапатын жогорулатуу зарыл, кошумча акча алуулар болбошу керек. Кандайдыр бир мыйзам бузуулар байкалса тийиштүү чаралар көрүлөт” , - деди ал.

Мындан тышкары, Сыргабаев Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунун 262-чакырымындагы жаңы салынган кыргыз-кытай Достук көпүрөсүн барып көрдү. Ошондой эле министр №960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлеринен кабар алды.

Пикир

Оставить комментарий