• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде тергөөчүлөр арасында спорттук иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Баткен шаарында облус аймагындагы район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү тергөөчүлөрдүн арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Спорттук иш-чара Кыргызстандын Тергөө кызматынын 60 жылдыгына карата уюштурулган. Оюнга 7 команда катышып, кызыктуу оюн көрсөтүштү.

1-орунга Лейлек РИИБү, 2-орунга Сүлүктү ШИИБү, 3-орунга Баткен ШИИБү ээ болуп, Баткен ОИИБдин диплом, медалдары менен сыйланышып, акчалай сыйлыктын ээси болушту.

Эскерте кетсек, СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун жарлыгы менен 1963-жылдын 6-апрелинде алдын ала тергөө өндүрүшү укугу Коомдук коопсуздук министрлигине, андан кийин аты өзгөргөн СССРдин Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий