• 87.86
  • 93.94
  • 1

Транспорт министрлиги: 29-апрелден 3-майга чейин Баткен облусуна 6 атайын каттам аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги тарабынан кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын башталышынан бери, 29-апрелден 3-майга чейин Баткен облусуна 6 атайын каттам аткарылды.

Маалыматка ылайык, каттамдар менен аскер адамдар, дарыгерлер, республикалык штабдын мүчөлөрү жана журналисттер ташылган.

“Жалпы 657 жүргүнчү Бишкектен Баткенге жана кайра артка жеткирилген”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, министрлик Баткен облусунун чеккен жашоочулары үчүн бир күндүк эмгек акысын которгонун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий