• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Тыюу салынган суулардан жугуштуу оорулар илешерин билчү белеңиз?

Коом 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Түшүүгө тыюу салынган суулардан жугуштуу оорулар илешет. Бул тууралуу биология илимдеринин кандидаты, Россия илимдер академиясынын Жалпы генетика институтунун кызматкери Марина Фридман Pravda.Ru`га берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, көлмөлөрдүн, суу сактагычтардын сууларынын адамга тийгизе турган зыяны жок эмес. Сууда жаныбарлардан церкариоз жана лептоспироз сыяктуу инфекциялар жугушу мүмкүн. Бул оорулар канаттуулардан, малдан адамга жугат.

“Эгерде териде жаралар болсо, инфекция коркунучу күчөйт. Адамдардан ооз аркылуу жугуучу ротавирус, гепатит А, сальмонелла, ичеги таякчасынын кээ бир түрлөрү, дизентериялык амеба, ламблиялар сууга кириши мүмкүн. Көлмө же бассейнде сүзүп жатканда эрежелерди сактоо зарыл. Биринчиден, сууну жутуп албаш керек, оозуңузга кирип кетсе чайкоо керек. Балдарды сууну жутпоого үйрөтүү да маанилүү. Көзүңүздү көз айнек менен коргоп, кулагыңызга суу кирсе улам чыгарып туруңуз”, - деди адис.

Биолог ошондой эле тереңдиги белгисиз жерлерде сууга түшпөөгө, уюшулган пляждарда гана сүзүү керектигин айтты. Эс алуу учурунда начар жуулган жашылча-жемиштер да инфекцияны козгошу мүмкүн экендигин эстен чыгарбоо кажет экендигин адис кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий