• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Тышкы иштер министрлигинин кезектеги коллегиясынын отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинин кезектеги коллегиясынын отуруму өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, отурумдун жүрүшүндө тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгында Кыргызстандын дипломатиялык кызмат органдарында кадрдык иштин абалы, ошондой эле бул багытта коюлган милдеттер талкууланды.

Мындан тышкары, коллегиянын мүчөлөрү өлкөнүн мамлекеттик протоколунун айрым аспектилерин жана аларды мындан ары өркүндөтүү маселесин карашты.

Белгиленгендей, жыйындын соңунда Жээнбек Кулубаев тарабынан бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий