Бишкек, 13.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Учурда республикада грипптин “А” түрү көп катталууда. Бул тууралуу маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын октябрь айынан 2025-жылдын 2-жумасына карата лабораториялык изилдөөгө 1 миң 335 үлгү алынып, алардын 128 учур оору аныкталып, анын ичинен грипптин А түрү 78,9 пайыз, В түрү – 9,4 пайыз, COVID-19 - 11,7 пайызды түздү.
Белгиленгендей, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалууда, мында респиратордук синцитиалдык вирус – 30,3% (280), риновирус -26,2% (242), аденовирус – 12,8% (118), парагрипптер I-IV – 11,4% (105), башкалар – 19,3% (179) түзөт.
Республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 оорулары боюнча эпидемиологиялык абал көзөмөлдөнүп, мониторинг жүргүзүү улантылып жатканы кошумчаланды.
Эске салсак, 2025-жылдын 2-жумасында 6-январдан тартып 12-январга чейин Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялардын 7 миң 415 учуру жана сасык тумоонун 38 учуру катталгандыгы белгилүү болгон.
Пикир
Оставить комментарий