УКМК: Аскер комиссариатынын офицери пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Аскер прокуратурасы менен биргеликте пара алып жаткан жеринен аскер комиссариатынын офицери А.Р. аттуу жаранды кармады.

Атайын кызматтан белгилешкендей, шектүү үстүбүздөгү жылдын 11-майында КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгиси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.

Аталган жарандын кызмат өтөгөн жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында акча каражаттары жана аскерге милдеттүүлөр үчүн колдонулган гербдүү мөөр басылган бош бланктар табылды.

Кармалган офицер тергөө жүрүп жаткан мезгилде тергөө абагына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий