• 87
  • 90.55
  • 0.84

УКМК: Чүй облусунда жалган ишеним каттарды даярдоо каналы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.22. /Кабар/. Чүй облусунда жалган ишеним каттарды даярдоонун каналы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан каза болгон деп саналган 18 жаранга жалган ишеним каттарды даярдоонун каналы аныкталды. Ошондой эле Кыргызстандын аймагынан тышкары туруктуу жашоого кеткендерге Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө мыйзам бузуулар менен жасалма токтомдор аныкталып, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сокулук районундагы филиалынын кызматкерлери жогоруда аталган жер тилкелерине укук белгилөөчү документтерди андан ары сатуу максатында мыйзамсыз катташкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, А.А.М. аттуу Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда, жер участокторун берүү жана сатуу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштуруу фактысы тастыктаган (басып чыгаруучу машина, басып чыгаруучу машинанын бир эски түстү кагаз рулону, жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө даяр токтомдор, эски үлгүдөгү Орок айыл өкмөтүнүн жана Сокулук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн мөөрү басылган А-4 форматтагы кагаздар, ири өлчөмдөгү чет элдик валюталар) материалдар жана буюмдар табылып алынды. Ошондой эле мыйзамсыз сакталган 15 даана ар кандай калибрдеги ок-дарылар алынган. Бүгүнкү күндө мыйзамсыз берилген жердин жалпы аянты 5,5 гектардан ашык.

Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий