• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМКнын кызматкерине ишин бүтүрүү үчүн пара берип жаткан жеринен эки жаран кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. УКМКнын кызматкерине тергөөдөгү ишин бүтүрүп берүү үчүн пара берип жаткан жеринен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Мурда УКМК тарабынан Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу Казакстанга жалпы салмагы 11,51 кг наркотикалык затты алып өтүүгө аракет кылып кармалган А.М.А. карата Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү (“Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо”) менен козголгон кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн УКМК кызматкерине кармалган А.М.А. 30 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.

19-февралда аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (“Пара берүү”) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ал эми 5-мартта жүргүзүлгөн атайын ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында УКМК кызматкерине 2 миллион 745 миң сом жана 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан учурда А.М.А. жана анын бир тууганы А.Н.А. кармалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий