УКМК мыйзамсыз иштеген кыздар үчүн диний лагерди аныктады

Коом 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамсыз иштеген кыздар үчүн диний лагерди аныктады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

УКМК тарабынан алынган ыкчам маалыматтар боюнча "Мариям" аталышындагы диний лагерь учеттук каттоосу жок ишмердигин жүргүзүп жаткандыгы аныкталды. Аталган лагерде 9 жаштан 18 жашка чейинки кыздар үчүн "Тажвид", намаз окуу, дуа окуу, ошондой эле балдарды диний жактан тарбиялоо сабактары жүргүзүлгөн. Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө аталган лагерь 1970-жылы туулган Баткен облусунун Ж.М.К. аттуу жаранына таандык экендиги такталды.

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө өрт коопсуздугунун, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын, билим берүү программаларынын жол-жобосу сакталбагандыгы, ошондой эле, диний лагердин окутуучулары менен тарбиячыларынын педагогикалык жана диний билими жок экендиги аныкталды. Мындан улам, аталган кемчилдиктер жоюлганга чейин лагердин иши токтотулду.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

УКМК бардык кыргызстандыктарга балдарды ар кандай диний мекемелерге, анын ичинде диний лагерлерге жөнөтүүдөн мурда аталган диний мекеме Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иштеп жаткандыгын текшерүүнү эскертет. Балдарыңыздын коопсуздугун сактаңыз!

Пикир

Оставить комментарий