Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Пара талап кылуу фактысына бөгөт коюлду, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ички иштер органдарындагы коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Такталгандай, Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБ тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын улук лейтененты «А.М.А.» зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн КР «А.М.А.» аттуу жарандан 20 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган.
2021-жылдын 8-июнунда КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликтеги ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош областынын Кара-Суу райондук ИИБ тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү «Б.Г.И.» 20 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.
Кармалган адам КР УКМК Ош шаардык жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Пикир
Оставить комментарий