• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

УКМК Ысык-Атадагы 315 млн сомдук оорукананын имаратын мамлекетке кайтарды

Коом 0


Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы 315 млн 111 миң сомдук оорукананын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК 2010-жылы жеке тараптар менчиктештирип алган Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы айылдык участкалык оорукананы мамлекеттин менчигине кайтарды.

Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө оорукананын ээси өз ыктыяры менен базар баасы 315 млн 111 миң сомдон ашык 10 618 м2 жер тилкесин 2525 м2 административдик имараты менен мамлекеттин кирешесине өткөрүп берди.

Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо иштери улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий