• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Улуттук банк "Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл" коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды

Экономика 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар - Мээрим Дүйшөналиева/. "Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл" аталышындагы күмүш коллекциялык монета жүгүртүүгө чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган коллекциялык монета Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бүгүндөн тартып жүгүртүүгө чыкты.

"Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү менен байланышкан 1924-жылдагы тарыхый окуя кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралгандыгын тастыктаган кыргыз элинин тарыхындагы эң маанилүү дата болуп саналат. Кыргыз автономиялуу облусу азыркы учурдагы эгемендүү мамлекеттин бардык атрибуттары менен иш жүзүндө Кыргыз Республикасын түзүү үчүн саясий-укуктук негиз болгон", - деди ал.

Улуттук банктын накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын жетекчиси Медина Ашыралиева белгилегендей, "Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл" монетасынын алдыңкы бетинде негизги элемент катары Ала-Тоо тоолорун чагылдырган "100" деген сан, улуттук оймо-чийме жана чексиздик белгиси, ошондой эле "жыл" деген жазуу түшүрүлгөн.

“Монетанын төмөн жагында Кыргызстандын улуттук символу – ак илбирстин сүрөтү, ошондой эле монетанын номиналы "10 сом" чагылдырылган. Монетанын жогору жагында Ала-Тоо тоолору түшүрүлгөн. Монетаны тегерете "Кара-Кыргыз автономиялуу облусу/Кара-Кыргызской автономной области – 100 лет" деген жазуу жайгашкан”, - деди Ашыралиева.

Монетанын арткы бетинде болсо, Ала-Тоо тоолорунда кездешкен гүлдөрдү чагылдырган оймо-чиймелердин так ортосунда Кыргызстандын герби жайгашкан. Монетанын оң жана сол тараптарында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики" жазуулары түшүрүлгөн.

Монетанын төмөн жагында монета чыгарылган жыл – "2024", металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (28,28 g) көрсөтүлгөн.

Медина Ашыралиева кошумчалагандай, "Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл" монетасы өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

“Улуттук банк тарабынан жарыяланган сынактын негизинде эскиздик долбоорлор тандалып алынган. Бул монетанын дизайны Айжамал Жоробаева менен Каныбек Турумбековго таандык”, - деп билдирди ал.

Монетанын өзгөчөлүктөрү:
Аталышы – Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл
Номиналы - 10 сом
Металлы (сапат белгиси) – Ag 925
Кошумча технология – түстүү басма
Диаметри (мм) – 38,61
Салмагы (г) – 28,28
Сапаты – Proof
Нускасы (даана) – 1000

Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган. Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 4 820 сом баасында иш күндөрү саат 09:00дөн 14:00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.

Пикир

Оставить комментарий