• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Улуттук банк жыл соңуна чейин "Айкөл Манас" алтын монетасын сатыкка чыгарат

Экономика 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар - Мээрим Дүйшөналиева/. Жыл соңуна чейин “Айкөл Манас” аталышындагы алтын монета сатыкка чыгарылат. Бул тууралуу Улуттук банктын накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын жетекчиси Медина Ашыралиева "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алтын монета Айкөл Манаска арналып, бетине Манастын сүрөтү түшүрүлөт.

“Улуттук банк алгачкы монетаны 1995-жылы чыгарган. Бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан ар түрдүү 94 монетаны сатыкка чыгарды. Алардын бешөө алтын, 65и күмүш, 24ү никелден жасалган монеталар”, - деп белгиледи ал.

Ошондой эле Медина Ашыралиева кыргызстандыктар жана туристтер бул монеталарды Улуттук банктын нумизматикалык музейинен көрүүгө мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий