• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Улуттук банкта санарип сомду киргизүү ыкмалары жана тобокелдиктери талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 21.03.22. /Кабар/. Улуттук банкта 19-апрелде санарип сом концепциясынын долбоору талкууланган тегерек стол болуп өттү.

КР УБнын расмий сайтында маалымдалгандай, иш-чара Улуттук банктын төрагасынын орун басары З. Чокоевдин төрагалыгы астында Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн.

Тегерек столдун жүрүшүндө санарип сом концепциясынын долбоорун иштеп чыгуунун негизги баскычтары, Кыргызстандын аймагында санарип сомду киргизүүнүн ыкмалары, санарип сомдун артыкчылыктары жана андан келип чыгуучу тобокелдиктер, санарип сомдун мамлекеттин финансы системасына жана өлкөнүн финансы рыногуна тийгизген таасиринин мүмкүн болгон варианттары, ошондой эле финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн жана мамлекеттик бюджеттик каражаттарды алган/Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине төлөгөн адамдардын укуктарын коргоону камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий