• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда саат 22:00гө чейин таза суу жок болот

Коом 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-апрелде борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Батыш-2” суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу саат 9:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү аймактарда суу болбойт:

- Ала-Арча дарыясы - темир жол линиясы - Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары;

- Жаш Гвардия - темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү - Манас проспектиси;

- Дэн Сяопин проспектиси - Ала-Арча дарыясы - Бөкөнбаев көчөсү - Кулиев көчөсү - Москва – көчөсү- Фучик көчөсү – Казаков көчөсү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы 21-апрелде саат 9:00дөн 15:00гө чейин шаардын айрым райондорунда суу берүү токтотуларын эскерткен. Бүгүн мэриядан сууну өчүрүү убактысы саат 22:00гө чейин узартылгандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий